Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин онунчу класстарынын окуучулары арасында “Гейдар Алиев жана Азербайжан” аттуу темада дилбаян сынагынын финалы
2023-жылдын 11-апрелинде Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарымдуу укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов 20-мектепте окуучулар менен жолугушуу учурунда 10-класстардын окуучуларынын арасында Азербайжандын биринчи Президенти Гейдар Алиевдин 100-жылдыгына арналган дилбаян сынагын жарыялап кеткен.
18 –апрелде онунчу класстардын 77 окуучусу адабият сабагында “Гейдар Алиев жана Азербайжан” аттуу темада дилбаян жазууда күч сынашты. Сынактык иштерди баалоо боюнча комиссиянын курамына Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарымдуу укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Азербайжан элчилигинин өкүлдөрү жана мектеп администрациясы, орус тили жана адабияты мугалимдери киришти. Сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты катары 10Г класстын окуучусу Сатыбалдиев Даниелдин иши — 1-орунга, 10 Г класстын окуучусу Джакшылыкова Айянын иши – 2-орунга татыктуу деп табылып, 3-орунду 10 Б класстын окуучусу Субанбаев Алинур, 4-орунду 10 Б класстын окуучусу Чолпонов Бекзат алды.
3-майда мектептин жыйындар залында дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Сынактын демөөрчүсү жана уюштуруучусу Азербайжандын элчилиги болду.
Комментарии