23 сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил куну
23 сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил куну. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Гейдар Алиев атындагы №20 МГ ОТКнында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тили — Ата-Журттун кареги» аттуу иш-чара дайындалды. Аткарууну биздин мектептин директору Алымкулова Каныкей Законбековна ачты. Сөз айтылгандан кийин 9-10 класстардын окуучулары сценка коюшту, таланттуу комузчулар «Маш Ботой» чыгармасын ойношту. 8 класстын окуучусу Айдарова Адинай Манас эпосун укмуштуудай айтып берди. Акыйнекчи кыздар болсо кыргыз тил жөнүндө акыя айтышты. Андан соң 9 класстын кыздары кыргыздын эл бийин бийлеп бергенден кийин окуучулар «Маңкурт болгондон кудай сактасын» — деген сценканы коюшту. Иш-чараны 10 класстын окуучусу Карина жапты, ал Нурлан Насиптин «Эне тилде сүйлөйлү» ырын ырдап чыкты. Дагы бир жолу өлкөбүздүн бардык тургундарын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!
Комментарии